• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда 57 жаштагы адам 15 жашар кызды зордуктаган деп шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Ширин шаарынын 57 жаштагы тургуну коңшусунун 15 жашар кызын зордуктаган деп шектелүүдө.

Шаардык милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

«Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган жаран кармалды. Ал буга чейин соттолгон эмес. Азырынча анын бөгөт чарасы карала элек. Окуя болгондон кийин кыз беш күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болду», — деди мекеменин өкүлү.

Күбөлөрдүн айтымында, шектүү кыздын жалгыз экенин билип, коңшусунун үйүнө дубалдан секирип өткөн.

«Кызды зордуктап жатканда анын апасы келип калган. Шектүү аны сабап, колу-бутун байлап башка бөлмөгө камап койгон. Ошол маалда кыйкырыктарды уккан коңшулар келип, милиция чакырышты», — деди күбөлөрдүн бири.

Адвокат Шерали Набиев жабырлануучу менен анын апасынын көрсөтмөлөрүнө карабастан, укук коргоо органдары бул кылмышты «бейбаштык» беренеси менен кароого аракет кылып жатышканын билдирди.

«Ал дубалдан секирип өтүп, кызды сабап, андан кийин зордуктаган. Бул жөнүндө кыз көрсөтмөсүндө жазган. Апасы үйгө кирип жылаңач турган коңшусун жана жерде эс-учун жоготуп жаткан кызын көргөнүн билдирди. Бирок шектүү ажы экендиги менен пайдаланып, жазадан кутулуу максатында дарыгерлер менен милицияга басым жасап жатат. Мындан улам кыздын туугандары Башкы прокуратурага кайрылды. Биз жергиликтүү аткаминерлер ишти жабууга аракет кылып жатат деп эсептейбиз», — деди адвокат.

Өлкөнүн Акыйкатчы институтунун аймактагы өкүлү Гули Умаралиева бул окуя алардын көзөмөлүндө экенин жана шектүүнүн күнөөсү далилденсе жоопко тартыла турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий