• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда 60 жаштагы киши 7-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Анжиян шаарынын 60 жаштагы жашоочусу аялынын 13 жаштагы жээнин зордуктоого айыпталууда. Медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин кыздын төрт жарым айлык боюнда бар экенин аныкталган.

Анжияндагы 7-класстын окуучусунун кош бойлуу экенин шаар маалелеринин биринин төрагасы кабарлады.

– 7-класстын окуучусу таежесинин 60 жаштагы күйөөсүнөн боюнда болуп калыптыр. Кыздын атасы жок, апасы аны эжесине таштап, Орусияга кеткен. Таежесинин күйөөсү кызды зордуктап койгон, жыйынтыгында анын боюна бүтүп калыптыр. Окуучу бул тууралуу сурак учурунда айтып берди. Учурда бул окуя боюнча тергөө жүрүүдө, – деди ал.

Анжиян облустук ишки иштер башкармалыгынын кызматкери “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.

- Кыздын ичи ооруп, дарыгерге кайрылган экен, ал жерде анын боюнда бар экени аныкталып, милиция чакыртылган. Шектүү күнөөсүн мойнуна алган жок. 60 жаштагы кишинин күнөөсү аныктала элек. Эгер аныкталса, аны камоо боюнча сотко сунуш беребиз,- деди милиция кызматкери.

Бул окуядан кийин Анжиян шаарындагы мектептердин баарында кыздар гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп жатканы айтылууда.

– Окуучу кыздардын баарына УЗИ жасалууда. Мектепке бейтапканадан дарыгерлер келип, ар бир кыздан үч миң сумдан (0,5 доллар) алып, алардын “кыздык белгисин” текшеришүүдө. Мындан тышкары шаардык элдик билим берүү бөлүмү ата-энелер менен жыйналыш өткөрүп, болгон окуяны түшүндүрүүнү тапшырды. Ошондой эле ата-энелери чет өлкөдө жүргөн окуучуларды аныктап, аларды каттоого алууга милдеттендирди, – деди мектеп директорлорунун бири.

Пикир

Оставить комментарий