• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда 7-класстын окуучусу акимчилик имаратынын терезесинен боюн таштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. 13 жаштагы кыз Анжиян облусунун Ходжаабад районунун администрациясынын короосунда оор абалда табылды. Кубөлөрдүн айтымында, кыз акимчилик имаратынын үчүнчү кабатынан боюн таштаган. Ал жерде мамлекеттик чиновниктердин биринин уулу катышкан “кече” өткөн.

Окуя 23-ноябрда түнкү саат 23:00дө болгон. Күбөлөрдүн бири: “Үч киши райондук администрациянын имаратына 7-класстын окуучуларын алып кирип, дискотека уюштурушкан. “Кечеде” кыздардын бири терезеге келип, төмөнгө боюн таштаган. Ал жылаңач болгон. Кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди”, деди.

Хаджаабад райондук ооруканасы 13 жаштагы кыз үч күндөн бери оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады. Анын мурду сынган, мээси чайкалган жана денеси көгөргөн.

Хаджаабад райондук администрациясынын кызматкерлеринин бири 13 жаштагы кыздар түнчүндө акимчилик имаратына келишкенин тастыктады:

– Алар кадастр бөлүмүнүн бөлмөсүндө болушкан. Жашы жете элек кыздар менен бул бөлүмдүн чиновниктеринин биринин уулу да жүргөн. Башка жигиттер да болгон. Кыздар менен балдар музыка коюп, дискотека уюштурушкан. Акимчилик имаратын кайтарган милиционерлердин бири ызы-чууну угуп, бөлмөгө келген. Милиционерди көргөн кыз коркуп кетип, терезеден секирген.

13 жаштагы кыз билим алган мектептин жетекчилиги ал кызга карата мурун дагы иш ачылганын, жүрүм-туруму начар экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий