• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда 72 жаштагы жаран абитуриент болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Өзбекстанда 72 жаштагы апа абитуриент катары Фергана мамлекеттик университетине документтерин тапшырды. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги Мамлекеттик тест борборунун башчысы Барно Ражабовго шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, улгайган жарандын документтери окуу жайларга тапшыруунун жаңы эрежелерине ылайык кабыл алынган. Анда абитуриенттердин жаш курагы боюнча чектөөлөр алынып салынган.

Мындан тышкары жаңы эрежелерге ылайык, Өзбекстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерден саламаттыгы тууралуу маалымкат (форма-086) талап кылынбайт.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан 70 миңден ашык абитуриент жогорку окуу жайларга документтерин тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий