• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кыргызстанда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда өз мекенинде адам өлтүрүү, каракчылык жана сот белгилеген жазадан качуу беренелери менен издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жогорудагы кылмыштары үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Б.И.ни кармоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кыргызстандык кесиптештерине кайрылган.

Эл аралык укуктук актыларга ылайык жана эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү.

КР милиция кызматкерлери жүргүзгөн иштердин натыйжасында жогорудагы издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жерин аныкталып, кармалды. Учурда аны өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий