• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда акушер жаңы төрөлгөн ымыркайды энесине бербей, сатып жиберген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Ташкент облусунун Янгийул районунун төрөт үйүнүн акушер-гинекологу жаңы төрөлгөн ымыркайды 100 долларга сатуу айыбы менен кармалды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, акушер-гинеколог 1-апрелде көз жарган энеге кызы өлүп калганын айткан. Ал ымыркайды башка бир аялга каттаган жана 100 доллар алган.

Бул факт боюнча акушер-гинекологго кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий