• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда "Акыркы коңгуроого" акча чогултууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Өзбекстандын мектептеринде ата-энелерден "Акыркы коңгуроо", сынактар ​​жана жыйынтыктоочу мамлекеттик тесттер үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү инспекциясынын Telegram каналы маалымдады.

Башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, мектептерди жаңы окуу жылына даярдоо жана оңдоо үчүн да окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдөн акча чогултууга жол берилбейт.

Өлкө боюнча "Акыркы коңгуроо" аземи 25-майда өтөт. Анын жүрүшүндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн салтанатка 1, 4, 9 жана 11-класстын окуучулары гана катышат.

Инспекция бөтөн адамдарды мектептердин аймагына киргизбөөнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий