• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда алдамчылар эки жөнөкөй ташты бриллиант деп 15 миң долларга сатышкан

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. Өзбекстанда алдамчылар ишенчээк аялга жөнөкөй эки ташты бриллиант деп 15 миң долларга сатышкан. Бул тууралуу Өзбекстандын милициясы кабарлады

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы М. Г., аттуу аялга белгисиз эки адам келип, бриллиант сатып алууну сунуштаган. Асыл ташты 15 миң долларга баалашкан.

Экспертиза бул жөнөкөй эле кара түстөгү таш, эч кандай баалуулугу жок экенин аныктаган.

Аталган фактыга шектүүлөр кармалып, кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий