• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда аскер адамдарынын кызмат өтөө мөөнөтү узартылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Өзбекстанда аскер адамдарынын кызматтагы мөөнөтү узартылып, алардын пенсия курагы жогорулатылат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Маалыматка караганда, «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» жана «Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн резервдеги кызматы тууралуу» мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр быйыл 19-октябрда күчүнө кирет.

Документтерге ылайык, кенже офицерлер (лейтенант, ага лейтенант, капитан, капитан-лейтенант) үчүн кызмат өтөөнүн эң жогорку курагы 43 жаштан 45 жашка чейин жогорулатылат.

Улук офицерлер (майор, подполковник, полковник, 3чү 2чи жана 1чи рангдагы капитандар) пенсияга 50 жаштан чыгышат. Буга чейин алар 45 жаштан эле пенсияга чыгып келишкен. Генералдык курамдар үчүн кызмат өтөөнүн эң жогорку курагы 60 жаш бойдон калат.

Пикир

Оставить комментарий