• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда аскердик унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан үч адам каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 27.11.18. /Кабар/. Өзбекстанда аскердик унаасынын катышуусунда болгон жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жол кырсыгы кечээ, 26-ноябрда болжол менен саат 8:05тер чамасында Шахрисабз-Карши унаа жолунда болуп, анда "Lacetti" жана аскердик "ЗИЛ-131 " үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү каза болгон. Дагы бир жүргүнчүсү жарадар болгон. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу.

Жол кырсыгы Коргоо министрлигинин аскерлеринин аскердик даярдыгын комплекстүү текшерүү учурунда болгон.

Ведомстводон билдиргендей, жеңил унаанын айдоочусу аскер унаа инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн белгилерге карабай унааны айдап бара жатып "ЗИЛ-131" унаасы менен кагылышкан.

Эскерте кетсек, кечээ Өзбекстанда Коргоо министрлигинин беш күндүк комплекстүү аскердик окуулары башталган.

Пикир

Оставить комментарий