• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда Атом энергиясын өнүктүрүү агенттиги түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Өзбекстан өкмөтүнүн алдында Атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча «Узатом» агенттиги түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 19-июлда кол койду.

Документте өлкө экономикасы менен калкынын энерго ресурстарга болгон суроо-талабы көбүнчө көмүрсуутек менен жабылып жатканы, отундун бул түрүнүн запасы чектелүү экени айтылган. «Өлкө уран сырьёсунун өтө көп запасына ээ болсо дагы, атом энергетикасынын потенциалы колдонулбай турат», деп белгиленген жарлыкта.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, «Узатомдун» жетекчиси болуп 39 жаштагы Журабек Мирзамахмудов дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча маалыматтык-аналитикалык департаментти жетектеп келген.

«Узатомдун» алдында Илимий-техникалык жана эксперттик кеңеш түзүлөт. Жарлыкта октябрга чейин «Атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу тууралуу» мыйзам долбоорун жана жыл соңуна чейин Өзбекстанда атом энергиясын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу каралган.

«Өзбекстан 24» телеканалынын маалыматына караганда, өлкөдөгү электр энергиясынын 70% газдан, 14% ГЭСтен, 13% көмүрдөн, 3% мунайдан иштетилип чыгарылат. Божомолдорго ылайык, алдыда курулушу пландалып жаткан атом электрстанциясында өндүрүлгөн электр энергиясынын үлүшү 2030-жылга карата 15% түзүшү керек.

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, 2028-жылга карата Өзбекстанда атом электр станциясы курулушу керек. Ал ар биринин кубаттуулугу 1200 мегаватты түзгөн эки энергеблоктон турат.

Пикир

Оставить комментарий