• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда автоунаалардын жүрүүсүнө уруксат берүү токтотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда 9-апрелден баштап автоунаалардын жүрүшүнө уруксат берүү токтотулду. Мындай чечимди Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Мындан ары буга чейин уруксат алган автоунаалар гана жүрө алат.

Өзбекстанда 9-апрель эртең мененки маалыматтар боюнча вирус жугузган кишилердин саны 555ке жетти. Алардын ичинен жети кишинин абалы өтө оор, үчөөнүкү орто оор деп бааланууда. Жалпысынан үч адам өлүп, 30 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий