• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда бактардын баалуу түрлөрүн кыюуга мораторий киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-ноябрдан тарта мамлекеттик токой фондуна кирбеген баалуу бактар менен бадалдарды кыюуга мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайк, мораторий 2020-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул аралыкта тиешелүү органдар бактар менен бадалдардын көрсөтүлгөн түрлөрүн кыюуга уруксат бербеши керек.

Ошол эле маалда документте бактар менен бадалдарды түрдүү оорулардан сактоо жана адамдардын, имараттардын коопсуздугун камсыздоо максатында кыюуга чектөө жок экени белгиленген. Мындан тышкары отун жана мөмө-жемиш алуу үчүн өстүрүлгөн, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын менчик талааларындагы бак-дарактарга мораторийдин тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий