• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда бала бакчаларга видеокөзөмөл камералары орнотулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Өзбекстан Юстиция министрлиги мектепке чейинки билим берүү жайларын оюн, оюнчук, эмерек жана башка техникалык каражаттар менен камсыздоо стандарттарын каттоого алды.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, балдардын физикалык жана акыл-эсинин өсүшү, ошондой эле коопсуздугу үчүн бала бакчаларда бардык шарттар болушу керек. Ага ылайык, бөлмөлөрдө жана оюн аянтчаларында видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Мындан тышкары баланын физикалык өнүгүшү, май тамандуулуктун алдын алуу жана бойду түзөө үчүн бакчаларда атайын жолчолор, релаксациялык отургучтар, аба тазалагычтар жана стерилизаторлор пайда болот. Мектепке чейинки билим берүү жайларында милдеттүү түрдө «Банк», «Почта», «Ферма», «Автотоктотмо» сыяктуу оюндар ойнотулуп, көркөм өнөр бурчу ачылат.

Пикир

Оставить комментарий