• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда балдарына президенттин атын ыйгарган жаран Cobalt автоунаасын алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Ферганада жарык дүйнөгө келген үч эмге Шавкатжон, Зироатхон жана Саидахон деген ысымдар ыйгарылды.

Шавкатжон – 1 кг 944 грамм, Зироатхон – 1 кг 972 грамм, Саидахон – 1 кг 888 грамм салмакта төрөлдү.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, үч эмдин ысымы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеёв, анын жубайы Зироатхон Мирзиёева жана улуу кызы Саида Мирзиёеванын урматына ыйгарылды.

Маалыматтарга караганда, президенттин атынан үй-бүлөгө Cobalt автоунаасы, үч коляска жана башка белектер берилди.

Балдарына өлкө жетекчисинин атын берүү тенденциясы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эле болгон. Төрт жыл мурун Анжиян облусунда төрөлгөн наристелерди Исломжон, Абдугани жана Каримжон деп аташкан. 2013-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген төрт эмге Хасан, Хусан, Ислам жана Карим ысымы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий