• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда Башкы прокуратуранын бир катар аткаминерлери кармалганы кабарланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 07.03.19 /Кабар/. Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булактар 4-5-мартта Башкы прокуратуранын жогорку кызматтагы аткаминерлери кармалганын билдиришти. Бирок көзөмөл орган бул боюнча кабардар эмес экенин айтты.

Бири биринен көз карандысыз булактар маалымдагандай, кармалгандардын арасында башкы прокурордун орун басары Гайрат Хидоятов бар.

Маалыматтарга караганда, 4-мартта атайын кызматтын өкүлдөрү Башкы прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын башчысы Шохмухаммадбек Мухамеджанов менен Ташкент шаарынын прокурорунун орун басары Ёркин Абдуллаевди кармашкан.

Өз булактардын билдиришинче, аткаминерлер “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде кармалышкан.

Өзбекстандын башкы көзөмөл органы прокурорлордун камалышы боюнча маалыматтарга түшүндүрмө берген жок.

Пикир

Оставить комментарий