• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда бензин баасы жогорулады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.17 /Кабар/. Өзбекстанда 15-ноябрдан тарта бензин баасы болжол менен 40% жогорулайт. Өкмөт тиешелүү токтомду 14-ноябрда кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.

Документке ылайык, АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин чекене баасы 1000 сумдан 3800 сумга чейин (0,5 долларга жакын) жогорулайт. АИ-91 бензини 1300 сумга кымбаттап, 4300 сумду түзүп калат. Бул баалар өлкө аймагындагы бардык май куюу жайларында бирдей болот.

Мындай чечим бир нече фактордун, анын ичинде өлкөнүн борбордон башка аймактарында байкалып жаткан бензиндин тартыштыгынан улам кабыл алынганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, бул маселени чечүү үчүн «Өзбекмунайгаз» ишканасы бензин баасын жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Мамлекеттик компаниядан бул бензиндин тартыштыгынан пайдаланып жасалма ажиотаж жараткан базардагы бардык алып-сатарларды жок кылышы керек деп эсептешүүдө.

Өзбекстандын өкмөтү жыл сайын бензинге болгон бааны жогорулатып келет. Алсак, 2016-жылы күйүүчү майдын баасы эки жолу кымбаттаган. Жыл башында болгону 45 сумга жогоруласа, кийин октябрда 30% кымбаттаган.

Пикир

Оставить комментарий