• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда беш жашар кыз зордукталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. 18-ноябрда Фергана облусунун Учкуприк районундагы айылдардын биринин четинде эс-учун жоготкон беш жаштагы кыз табылган. Айылдык активисттердин биринин айтымында, ал зордукталган.

Райондук милиция бөлүмүнөн бул иште эрезеге жете элек жабырлануучу бар экенин айтышып, кеңири комментарий берүүдөн баш тартышты.

20-ноябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы иш менен таанышуу үчүн өз өкүлүн Учкуприк районуна жөнөткөн.

Фергана облустук ички иштер башкармалыгынан алдын ала тергөө иштери аяктап, факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Учурда шектүүлөр суракка алынып жатат, бирок азырынча эч ким кармала элек.

Зордукталган кыздын туугандарынын бири анын ата-энеси Казакстанга иштегени кетишкенин, кыз улгайган туугандарынын колунда болгонун билдирди. «Кызды төрт күн бою издешти. Аны жарым жан кылып айылдын четине таштап кетишиптир. Кыз үч күн райондук ооруканада жатып, бүгүн облустук ооруканага алып кетишти. Абалы оор», — деди ал.

Кыз дарыланып жаткан Фергана облустук ооруканасынан учурда анын абалы жакшырып калганын билдиришти. «Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий