• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда Билим берүү министрлигинде иштеген бардык жетекчилер бошотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов 25-июнда башкармалыктардын жана борбордук аппарат бөлүмдөрүнүн бардык башчыларын жумуштан бошотту.

Жергиликтүү басылмалар бул чечим президент Шавкат Мирзиёевдин министрликтеги кадрдык курамды жаңыртуу тапшырмасынын негизинде кабыл алынганын жазышты.

Кызматкерлер менен жолугушуу учурунда Шерзод Шерматов министрликтин иши мындан ары үч негизги принципке – сапат, акыйкатуулук жана ачык-айкындуулукка негизделерин белгиледи.

Быйыл 20-июнда 2013-жылдан бери элдик билим берүү минстри болуп иштеген Улугбек Иноятов кызматтан алынган. Анын ордуна министрдин инновациялык өнүгүү боюнча орун басары Шерзод Шерматов дайындалган.

Мындан тышкары министрдин бардык орун басарлары бошотулган.

21-июндагы видеоселектордук жыйында премьер-министр Абдулла Арипов облус, шаар жана район башчыларына кайрылып, мектеп директорлорун ар кыл иш-чараларга чакырууга тыюу салган. Мындан ары мектептер түзмө-түз Элдик билим берүү министрлигине баш ийишет.

Пикир

Оставить комментарий