• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда бир катар өлкөлөр менен аба каттамына чектөөлөрдүн мөөнөтү аяктайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 01.03.21. /Кабар/. Бүгүн Өзбекстан тарабынан 1-мартка чейин Улуу Британия, Италия, Дания, Австрия, Австралия, Нидерланды жана Түштүк Африка Республикасы менен эл аралык рейстерге коюлган (киргизилген, чыккан жана транзиттик) чектөөлөрдүн мөөнөтү аяктайт, деп жазат парламенттик «Народное Слово» гезити.

Тизмеде Германия дагы болгон, бирок аталган өлкө менен аба каттамы 11-февралда калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, 1-марттан баштап Өзбекстан Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман жана КЭРдин Гонконг жана Макаонун атайын административдик райондорун камтуу менен Кытай жарандары үчүн 10 күндүк мөөнөткө визасыз режимин киргизет.

Пикир

Оставить комментарий