• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда бир нече имам жумуштан бошотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы 26-июлда республиканын бир катар мечиттеринен имамдардын иштен алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалымат боюнча диний билими жок болгондуктан Сырдарыя облусунда үч имам жумуштан бошотулду. Мындан тышкары мыйзамсыз нике кыюу, мечитке келгендерге орой мамиле жасоо фактлары катталган. Буга байланыштуу Сырдарыя облусунун башкы имам-хатиби Муминжон Усманов да ээлеген кызматынан бошотулду.

Ташкенттеги ири «Шайх Зайниддин» мечитинин имам-хатиби Одилхон Исмоилов да жумуштан алынды. Ал мечит тартиптерин сактабай, күн сайын окулчу намаздарга келбей, такталбаган маалыматтарды интернет аркылуу таратып турганы айтылууда.

Фергана облусунун Фергана районунун имам-хатиби Хасанбой Ашуров менен Самарканд облусунун Самарканд районунун имам-хатиби Абдурахим Пулатов тапшырмаларды өз убагында аткарбай, имамга ылайык келбеген орой мамилеси үчүн иштен алынды.

Пикир

Оставить комментарий