• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда бир тууган үч бала иске ууланып мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Самарканд облусунун Каттакурган районунда 1, 4 жана 8 жаштагы үч бир тууган иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир туугандар ис уруп көз жумганын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары ырастады.

Учурда балдардын ата-энеси оор абалда ооруканада жатышат.

Бул окуя боюнча Каттакурган райондук прокуратурасы тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий