• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда бир жылда калктын саны дээрлик 1 млн кишиге көбөйдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-январына карата туруктуу калктын саны 35 миллион 271 миң 276 кишини түздү.

Алардын ичинен 17,9 миллиону (50,7%) шаарларда, 17,4 миллиону (49,3%) айыл жерлеринде жашайт.

Бир жыл мурун Өзбекстанда калктын саны 34 миллион 558 миң 900 кишини түзгөн. 1991-жылы өлкө калкынын саны 20,6 миллион болгон.

Натыйжада 30 жыл аралыгында Өзбекстан калкынын саны 15 миллионго көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий