• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда бирдиктүү мектеп формасын киргизүү кийинкиге жылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов 2019-2020-окуу жылдары мектеп формасы милдеттүү түрдө киргизилбей турганын маалымдады.

Министрдин айтымында, 1-11-класстардын окуучулары үчүн мектеп формаларын тигүү көп ресурс талап кылат. Өлкөдөгү текстиль өнөр жайы бир учурда аларды даярдап үлгүрө албайт.

Ушундай эле пикирин буга чейин өзбек президентинин тун кызы, маалымат жана байланыш агенттигинин директорунун орун басары Саида Мирзиёева билдирген.

Ага чейин Элдик билим берүү министрлиги 2019-2020-окуу жылдары бирдиктүү мектеп формасы киргизилерин кабарлаган. Бирдиктүү форма тууралуу чечим 2018-жылы 15-августта өкмөттүн жыйынында кабыл алынган.

Бирдиктүү мектеп формасын киргизүүнү 2017-жылы августта Шавкат Мирзиёев сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий