• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда быйыл ипотекага 33 миңден ашуун үй берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. 2021-жылы Өзбекстанда жарандарга ипотеканын негизинде 33 114 батир жана жеке турак жай берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 11-мартта кол койду.

Жарлыкка ылайык, ипотекалык негиздеги турак жайлар базар принциптерине шайкеш берилет.

Айыл жерлеринде 8 336 батирден турган көп кабаттуу жеткиликтүү үйлөр курулат. Айрым категориядагы кишилер үчүн 3 550 батирлүү турак жайларды салуу каралууда.

Жеке турак жай куруу же реконструкция үчүн жеке жактарга насыя берүү тартиби бардык региондордо киргизилди. Буга чейин мындай жол-жобо Анжиян, Наманган жана Фергана облустарында гана болгон. Ар бир облуста жана Каракалпакстанда 500дөн жеке турак жай курууга насыя берилет.

Пикир

Оставить комментарий