• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда былтыр 16 миллион долларга өзгөчө автоунаа номурлары сатылган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Өзбекстанда онлайн-аукцион аркылуу 156,1 миллиард сумга (16,3 миллион доллар) 36 300 өзгөчө автоунаа номуру сатылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Биржалык кеңешинин төрага орун басары Ислам Ибрагимовго шилтеме кылып билдиришти.

Маалыматка караганда, эң арзан номурлар миллион сумдан (100 доллардан ашык), эң кымбаты 91 миллион сумдан (9,5 миң доллар) сатылган. Бир сатып алуунун орточо баасы 4,3 миллион сумду же 450 долларды түзгөн.

Өлкөдө өзгөчө автоунаа номурларын сатуу 2017-жылы сентябрда башталган. Бул кызмат ишке киргенден кийинки алгачкы үч айда бир сатып алуунун орточо суммасы 21 миллион сум (2 миң доллар) болуп турган.

Пикир

Оставить комментарий