• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда үч социалдык түйүн расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. 1-августтан тарта Өзбекстанда Twitter, WeChat жана VK (Вконтакте) социалдык түйүндөрү расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Өзбекстандын бийлиги TikTok платформасы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Агенттик ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалады.

"Бөгөттөө – өнүгүүгө зыян гана алып келет", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Былтыр 2-июлда "Персоналдык маалыматтар тууралуу" мыйзамдын 27-беренесинин талабына байланыштуу айрым соцтүйүндөрдүн ишине чектөө киргизилгени кабарланган.

Бул мыйзамдын негизинде "Узкомнозорат" ишканасы Facebook, Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, TikTok, Twitter жана Яндекс компанияларына Өзбекстандын мыйзамдарындагы талаптарды сактоо тууралуу эскертүү берген.

2021-жылы ноябрда өлкөдө Telegram, Facebook, YouTube жана "Одноклассники" түйүндөрү ишин токтоткон. Ага чейин Skype, Twitter, TikTok, "ВКонтакте" жана WeChat’ка тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий