• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда Ч.Айтматовдун адабий мурастары изилденүүдө

Маданият 0

Ташкент, 03.10.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Мирзо Улугбек атындагы Өзбек Улуттук университетинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын экпозициялары ачылууда. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын жазуучулар союзунун төрагасы Мухаммад Али улуу жазуучунун 90 жылдыгына даярданууга арналган жыйында билдиргенин “Кабар” агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдады.

Анын айтымында, экспозициянын негизги милдети – Ч.Айтматовдун адабий жана руханий мурасын, анын дүйнөлүк адабиятка, өзбек жана кыргыз ортосундагы гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымын терең изилдөөгө аракеттешүү болуп саналат.

“Өзүнүн бүтүндөй өмүрү жана чыгармачылыгы менен ал элдердин достугу жана биримдиги, маданияттардын өз ара баюусу жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсү үчүн кызмат өтөгөн. Чыңгыз Айтматов өзбек элине жакын болгон жана ошол бойдон калат. Биздин эсибизде Ата Мекени үчүн эрктүү кызмат өтөөнүн белгиси катары сакталып кала бермекчи”, - деп баса белгиледи Мухаммад Али.

Экспозициянын ачылышы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүшү белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий