• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда " Чыңгыз Айтматовдун феномени" аттуу китеп жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Өзбекстанда Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай " Чыңгыз Айтматовдун феномени" аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазат.

Китептин автору – өзбекстандык академик Акмал Саидов.

Ал китеп Акмал Саидовдун Чыңгыз Айматов менен көп жылдар аралыгында Ташкент, Москва, Париж, Брюссель шаарларында болгон жолугушуулары жана маектешүүлөрүнүн негизинде жазылган.

Китепте жазуусунун чыгармачылыгы, анын калтырып кеткен мурастары, дипломатиялык ишмердиги тууралуу ойлор айтылган.

Ошондой эле китепте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Айтматов жөнүндө айткан ойлору жазылган.

Пикир

Оставить комментарий