• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда COVID-19 илдетин 149 адам жуктурду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирусту жуктурган дагы 4 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, вирус Андижан облусунда жашаган эки аялда катталды. Ошондой эле Фергана жана Ташкентте бирден учур аныкталды. Алардын жалпы саны 149га жетти.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий