• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 3,7 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 3 миң 718 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 56 учур катталган. Ал эми 22 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Учурда өлкөдө 3 миң 718 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 859у айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 15 бейтап каза болду. 844 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын тогузунун абалы оор болсо, экөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий