Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 187ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирусту жуктурган дагы 6 учур катталды. Бейтаптардын жалпы саны 187ге жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 12 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алар учурда реабилитациялык борбордо болууда. Буга чейин өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык инспектору Нурмат Атабеков Өзбекстанда коронавирусту аныктоо үчүн массалык түрдө тест тапшыруу болбой турганын айткан.

Ташкент, Нукус шаарында жана облустук борборлордо 1-апрелден баштап обочолонуу режими киргизилди. 65 жаштан жогору болгон жарандардын эшикке чыгуусуна толук тыюу салынды. Көчөгө азык-түлүк жана дарыканага баруу үчүн чыгууга болот.

Пикир

Оставить комментарий