• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 624 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 10.04.20 /Кабар/. 2020-жылдын 10-апрели саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 624 адамга жетти. Бул тууралуу ӨРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Башкы мамлекеттик санитардык инспектор Нурмат Атабеков билдиргендей, Ташкенттеги ооруканада 98 адам жатат, алардын 25де пневмония оорусу байкалууда, 9 адамдын абалы оор.

Өлкө боюнча 86 миң адам стационарда жана үй карантининде жатат.

Эске сала кетсек, жалпы 38 адам илдеттен айыкса, коронавирусту жуктуруп алган 3 жаран каза болду. Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий