• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда COVID-19 инфекциясы жуккан 83 учур катталды

COVID - 19 0

Ташкент, 27.03.20. /Кабар/. 27-мартка карата Өзбекстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 8 адамга көбөйүп, жалпы 83 учур катталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 5 адам Ташкентте, ал эми Андижанда - 3 адам экендиги айтылды.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган аглгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий