• 84.8
  • 101.98
  • 1.11

Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 582ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. 9-апрелдин саат 15:30га карата Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 582ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Вирусология илимий-изилдөө институтунун маалыматында, дарыланып жаткан 99 бейтаптын 25 адамда пневмония оорусу байкалган. Ошондой эле 7 бейтаптын абалы оор болсо, үчөөнүн абалы орточо оор деп бааланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстандын 70 миңден ашык жараны коронавирусту аныктай турган тесттен өтүшкөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 3 жаран каза болгон жана илдеттен 30 адам айыккан.

Пикир

Оставить комментарий