• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда COVID-19 жөнүндө фильм тартууга бюджеттен 22 миң доллар бөлүндү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. «Узбеккино» улуттук агенттиги «Даректүү жана хроникалык фильмдердин киностудиясы» ишканасы менен бирге «Сыноо күндөрү» аттуу тасманы тартууга киришти.

«Узбеккинонун» маалымат катчысы Нозим Сафари үч сериалуу фильмди тартууга мамлекеттик бюджеттен 230 миллион сум (22 миң доллар) бөлүнгөнүн билдирди.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов жөнүндө даректүү тасма тарткан жана андан башка 40тан ашуун фильмдердин режиссеру, 31 жаштагы Данияр Шокиров тасманын биринчи бөлүмү быйыл декабрда жарыкка чыгарын билдирди.

Шокировдун айтымында, коронавирус инфекциясы менен күрөшкөн дарыгерлер менен ушул оор күндөрү жанын аябай иштеген башка кесиптердин өкүлдөрү COVID-19 жөнүндөгү фильмдин башкы каармандары болушат.

«Узбеккинонун» маалымат катчысы Нозим Сафари тасма мамлекет башчы менен элдин коронавируска каршы бирге күрөшүн, андан тышкары улуттук баатырга айланган дарыгерлердин, аскерлердин, ИИМ жана Улуттук гвардия кызматкерлеринин эмгегин чагылдыра турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий