• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 2 миң 800дөн ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 802 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 40 учур катталган. Ал эми 67 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 802 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 314ү айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий