• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда COVID-19дун жаңы штаммын жугузуп алган биринчи бейтап айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 26.02.21. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19дун британдык штаммын жугузуп алган биринчи байтап толугу менен айыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 жаштагы кыз коронавирустан 12 күн дарыланып, 5-февралда ооруканадан үйүнө чыгарылган. Оору жеңил түрдө өтүп, өтүшүп кеткен эмес деп айтылат билдирүүдө.

Кийинки изилдөөдө коронавирус табылган эмес.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2020-жылдын мартынан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 79 миң 804 бейтапты түзөт, 78 миң 333 бейтап айыгып чыккан, каза болгондор – 622. Учурда 849 адам дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий