• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда COVID-19га каршы күрөшүү жана вакцина сатып алуу үчүн кошумча 1,3 триллион сум бөлүнөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү жана вакцина сатып алуу үчүн кошумча 1,3 триллион сум (120 млн. доллар) бөлүнөт. Мындай чечим өлкө парламентинин мыйзам чыгаруу палатасындагы парламенттик комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын натыйжалуулугун арттыруу маселеси, ошондой эле акыркы күндөрү коронавирус мектеп окуучуларына жуккан учурлар көбүрөөк каттала баштаганы талкууланды.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылдагы өлкө бюджетинде коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө жана вакцина сатып алууга 3 триллион сум каралса, бүгүнкү күндө бул каражат толук сарпталып бүткөн.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматына боюнча өлкөдө жалпысынан 18 жаштан жогорку курактагы 21,45 миллион киши эмдөөдөн өтүшү керек болсо, 12-октябрга карата алардын 3 миллион 290 миңи толук вакцина алган. Дагы 7 миллион 240 миң кишиге вакцинанын экинчи дозасы сайылса, 12 миллион 400 миң киши биринчи дозасын алган. Бул үчүн жалпысынан 22,95 миллион доза вакцина колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий