• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда Covid-борборлору кайра ачыла баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Өзбекстанда акыркы жумаларда коронавирус жуктургандар көбөйүп, беш ай мурда жабылган Covid-борборлору кайра ачыла баштады.

«Вирус жуктургандар көбөйүп жатат, абал кайрадан көзөмөлдөн чыгып кетчүдөй болуп турат. Өлкөнүн 14 аймагындагы сovid-борборлор кайра ачылып, аларды каржылоо иштери башталды. Бул үчүн Жапониядан келген насыянын каражаты колдонулууда», - деди өзбек өкмөтүнүн аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү.

Ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантиндик чаралар кайра күчөтүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады. «Эгер чектөөлөр азыр дароо башталса калк арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр көбөйөт. Ошондуктан карантиндик чаралар акырындык менен киргизилет. Жакынкы 10 күндүн ичинде баары түшүнүктүү болот. Абал өтө олуттуу», — деди ал.

Ал ортодо студенттердин арасында вирус жуктургандар аныкталгандыктан жогорку окуу жайлардын көбү аралыктан окууга өтүүдө.

19-апрелде жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 86 892 кишиге жетип, 638 бейтап каза болду.

Бейрасмий булактар вирус жуктургандар менен андан көз жумгандар расмий көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин айтып келишет.

Пикир

Оставить комментарий