• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда дагы 4 адам коронавирустан айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда дагы 4 адам коронавирустан айыгып, реабилитацияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

"Чыракчы районунан болгон 8 жана 56 жаштагы бейтап Кашка-Дарыя облустук жугуштуу оорулар ооруканасынан айыгып чыкты. Фергана облустук оорулар ооруканасынан дагы 2 бейтап (Андижан жана Ташкент облусунан болгон) оорудан айыкты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 70ке жетти.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган. Учурда ал жакта илдетти жуктургандардын саны 896га жетет. Коронавирус жуктурган 4 адам каз болгон.

Пикир

Оставить комментарий