• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда дагы 4 адам коронавирустан айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган облусунда 4 адам коронавирустан айыгып, реабилитацияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Учурда Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 42ге жетти.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган. Учурда ал жакта илдетти жуктургандардын саны 624кө жетет. Коронавирус жуктурган 3 адам каз болгон.

Пикир

Оставить комментарий