• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда дарыгерлердин айлыгы жогорулайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек,09.11.18. /Кабар/. Өзбекстанда медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев тишелүү токтомго 7-ноябрда кол койду. Ага ылайык маяна 2018-жылдын 1-декабрынан тарта 1,2 эсеге, 2019-жылдын 1-апрелинен тарта 1,15 эсеге көбөйөт.

Келечекте медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоонун жаңы ыкмаларын, анын ичинде айыккан бейтаптардын электрондук статистикасын киргизүү жана онлайн-сурамжылоолорду жүргүзүү пландалууда.

Медициналык мекемелердин жетекчилери жумушта артыкчылык көрсөткөн дарыгерлерге ай сайын кошумча сый акы чегере алышат. Каражат Материалдык дем берүү жана медициналык уюмдарды өнүктүрүү фондунан бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий