• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда депутат өлкөдөн бардык ЛГБТ өкүлдөрүн депортация кылууну сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Өзбекстан парламентинин депутаты, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын лидери Алишер Кадыров ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратып, өлкөдөн депортация кылууну сунуштады. Бул тууралуу Eurasianet басылмасы жазды.

Кадыров Alter Ego аттуу YouTube-каналга берген маегинде ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратуу — башка өлкөлөрдү аларды баш калка менен камсыз кылууга милдеттендире турганын билдирген.

«Бул сунушумду социалдык түйүндөргө чыгаргандан кийин мага ондогон киши кайрылды. Алардын баары ЛГБТ өкүлдөрү. Алар: "Бул туура сунуш, биз Өзбекстанды ЛГБТ өкүлдөрүнө кылган мамилеси үчүн айыптапган өлкөлөргө виза ала албайбыз" деп айтышты. Бул маселени чечип, аларды биздин коомдо калтырбашыбыз керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Дүйнөнүн 26 өлкөсүндө ЛГБТ өкүлдөрүн өлкөдөн чыгаруу чаралары колдонулат. Мисалы, Иран менен Сауд Арабиясында аларды өлүм жазасына тартышат», – деди Кадыров.

Ошол эле маалда депутат кайсы өлкөлөр ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратуу жана депортация кылуу саясатын расмий жүргүзө турганын тактап айткан эмес.

Өзбекстандын өкмөтү Кылмыш кодексинен бир жыныстуу мамилелер үчүн жаза каралган беренени алып салуу боюнча эл аралык уюмдардын чакырыктарын четке кагып келет.

2020-жылы мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде сөз сүйлөгөн расмий Ташкенттин өкүлү «Өзбекстанда коомчулук аталган беренени алып салууга даяр эмес» экенин айткан.

Human Rights Watch уюмунун быйыл март айында жарыяланган баяндамасында Өзбекстандагы кумсалар дале болсо физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылып жатканы жазылган.

28-мартта Ташкентте белгисиз кишилер ЛГБТ активисттер деп ойлоп, k-pop музыкасынын сүйүүчүлөрүнө кол салышкан. Ошол эле күнү кечинде өлкө бийлигин Кылмыш кодексинен «Гомосексуализм» беренесин алып салууга чакырып келген блогер Миразиз Базаров өз үйүнүн жанында сабалган. Ага кол салгандар табыла элек. Блогердин өзүнө "Жалган жалаа жабуу" жана "Акарат келтирүү" беренелери боюнча айыптар тагылган.

46 жаштагы Алишер Кадыров «Миллий тикланиш» партиясын 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келет. Eurasianet басылмасынын макаласында саясатчы буга чейин өзүнүн шовинисттик билдирүүлөрү менен белгилүү экени белгиленген.

«Миллий тикланиш» партиясы Өзбекстанда расмий каттоого алынган беш партиянын бири. Ал өзбек парламентинин төмөнкү палатасындагы депутаттардын саны боюнча экинчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий