• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда дыйкандардын жерлери жапырт түрдө мамлекетке алынууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Өзбекстанда айрым фермерлер «Дыйкан чарбаларынын айдоо жерлерин оптималдаштыруу тууралуу» өкмөттүн токтому «жерлерди басып алуу» менен аткарылып жатканын билдиришүүдө.

Фергана, Хорезм жана Ташкент облусундагы дыйкандар жергиликтүү бийлик айыл чарба жерлерин күч менен мамлекеттин карамагына алып, эң жакшыларын өздөрүнүн жакындарына бөлүп берип жатышканына даттанышууда.

Фергана облусунун Язъяван районунда жашаган дыйкандардын бири айдоо жерлерин оптималдаштыруу иштери башталгандан бери 124 адам жумушсуз калганын билдирди.

Хорезм облусунун Шават районундагы дыйкан чарбасынын башчысы Нуриддин Абдуллаев район башчысы бардык фермерлерден жерлерин мамлекетке бергендиги тууралуу арыздарды жазууга мажбурлаганын айтууда. «Райондогу 350 дыйкандын дээрлик бардыгы жумушсуз калышты. Өкмөттүн токтому кагаз бетинде гана калууда. Район башчысы болсо өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат», — деди Нуриддин Абдуллаев.

9-январда «Дыйкан чарбаларынын айдоо жерлерин оптималдаштыруу тууралуу» өкмөттун токтому кабыл алынган. Ага ылайык, пахта өстүрүлгөн райондордогу жер тилкелеринин минималдык өлчөмү 100 гектардан, жашылча аянттарыныкы 20 жана бакчалардыкы 10 гектардан кем болбошу керек.

Пикир

Оставить комментарий