• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда эң эски абактын ордунда сейил бак пайда болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Ташкентте эл арасында “Таштүрмө” деп аталган мурдагы тергөө абагы түрттүрүлөт. Анын ордунда заманбап сейил бак пайда болот. Өзбекстан Юстиция министрлиги билдиргендей, өкмөт абак имаратын үч ай аралыгында түрттүрүүгө буйрук берди.

Буга чейин “Таштүрмөдө” отургандар Ташкент облусунун Зангиота районундагы жаңы түзөтүү мекемесине көчүрүлөрү кабарланган. Соңку мезгилдерде колонияда 2,5 миң киши кармалып келген. Жаңы тергөө абагында канча киши болору белгисиз.

Жаңы тергөө абагы – тогуз бөлүктөн турган жылдызча түрүндөгү комплекс. Өзбекстан ИИМи тергөө изоляторундагы камералардын баары жаңы жабдуулар менен жабдылып, жарык тегиз тийип турарын билдирди.​

Өзбекстанда жалпысынан 52 абак бар. Буга чейин “Таштүрмө” Борбор Азиядагы эң эски колония катары эсептелип келген. №1 абак 1891-жылы курулуп, кийин “Таштүрмө” деген ысымга ээ болгон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий