• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 500 доллардан берилет

Дүйнө 0

Ташкент, 5-апрель өлөнбай Курбанов – Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев кечээ 1941-1945-жылдардагы согуштун катышуучуларын сыйлоо тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Өзбекстан Улуттук маалымат агенттиги билдирди.

“Биздин Мекенибиздин ар тараптуу өнүгүшү жана гүлдөшү үчүн, элибиздин бүгүнкү тынч жашоосу үчүн өмүрүн берген аталарыбыздын майтарылгыс эркин жана баатырдык аракеттерин эскерип сыйлоо адамзатынын “Биз тынчтык жана жакшы жашоо үчүн” деген бийик принцибин карманган элибиз үчүн баалуу болуп саналат”, - деп белгиленет документте.

Токтом 9-майда Эскерүү жана сый көрсөтүү күнүн белгилөөгө, 1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмдин үстүнөн Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого байланыштуу жана согуштун катышуучуларын, майыптарын сыйлоо максатында кабыл алынды.

Документке ылайык, Өзбекстан өкмөтү 1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 2 млн сум (Борбордук банк курсу боюнча 500 доллардан ашык) өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлыктарды берет.

Пикир

Оставить комментарий