• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда экстремизмге шектелген 20 миңдей киши "кара тизмеден" чыгарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев диний-экстремисттик уюмдарга катышы бар деп шектелген 20 миңден ашуун киши атайын тизмеден чыгарылганын билдирди.

Мирзиёев Өзбекстан Конституциясынын 26 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп, жаңылыштык менен диний-экстремисттик уюмдардын таасирине кабылып, кийин бул аракети үчүн өкүнгөн кишилердин кайрылуусун кароо боюнча республикалык комиссия түзүлгөнүн айтты.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев быйыл 19-сентябрда “Катачылык менен экстремисттик, террордук уюмдардын катарына кошулуп кеткен кишилерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тартиптерин жакшыртуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, республикалык мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Аны башкы прокурор Отабек Муродов жетектейт. 2018-жылдын 1-ноябрынан тарта комиссиянын бүтүмүнүн негизинде экстремизмге шектелген кишилерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тартиби киргизилген.

Былтыр Өзбекстанда тыюу салынган топторго кирип кеткени үчүн кечирим сурап, тынч жашоо образына өткөн 18 миңдей киши укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чыгарылганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий