• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда эл каттоо 2023-жылга жылдырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Өзбекстанда эл каттоо 2022-жылдан 2023-жылга жылдырылды. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

«Эл каттоо 2-3 жылдык даярдык иштерин талап кылган кеңири масштабдагы, машакаттуу жана өтө кымбат турган иш-чара», – деп айтылат билдирүүдө.

2019-жылы 5-февралда өзбек президентинин буйругу менен эл каттоонун мөөнөтү 2022-жылга белгиленген.

Статистика комитети көптөгөн өлкөлөр COVID-19 пандемиясына байланыштуу эл каттоонун мөөнөтүн жылдырып жатканын да белгилеген. Маалыматка караганда, Орусия, Казакстан жана Армения 2020-жылдагы эл каттоону 2021-жылга жылдырган.

Пикир

Оставить комментарий