• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда электр энергиясы үчүн карыз 335 млн долларды түздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Өзбекстанда электр энергиясына карыз 3,5 трлн сумду (335 млн доллар) түздү. Бул тууралуу “Аймактык электр түйүндөрү” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жахонгир Обиджанов билдирди.

Аткаминердин айтымында, 1-декабрга карата физикалык жактардын карызы 2,34 трлн сумду (223 млн доллар) түзүп, эки ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 3,8 млн долларга азайган.

Жахонгир Обиджанов бул биллинг системасын натыйжасы экенин белгиледи.

Маалыматка караганда, электр энергиясы үчүн Самарканд облусунун карызы башка аймактарга салыштырмалуу көбүрөк. Облус “Аймактык электр түйүндөрүнө” 655 млрд сум (62,5 млн доллар) бересе.

Пикир

Оставить комментарий